Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Азимжан Аскаров боюнча сот өкүмү өзгөрүүсүз калды


Жалал-Абат облусунун соттук коллегиясы укук коргоочу Азимжан Аскаровго жана анын жанындагы жети айыпталуучуга карата Базар-Коргон райондук соту 15-сентябрда чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган чечимин бүгүн кечинде чыгарды. Маалым болгондой июнь коогалаңы учурунда милиция кызматкерин өлтүргөн, баш-аламандык уюштурган деген айып менен Базар-Коргон райондук соту укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бул окуя боюнча райондук соттун өкүмү менен дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген.

Жабырлануучу тарап бүгүнкү жараянда облустук соттон айыпталуучулардын бешөөнө өлүм жазасы берилүүсүн же бардыгы бирдей өмүр бою эркинен ажыратылышын талап кылышты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG