Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:57

“Бүтүн Кыргызстан” Жогорку Сотко кайрылат


Биринчи Май райондук сотунун 10-ноябрдагы чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылышарын партиянын саясий кеңеш мүчөсү Марат Кайыпов “Азаттыкка” билдирди. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы 10-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жокко чыгарууну, 5% босого шайлоо жарыяланган учурда маалымдалган боюнча калтырылышын, Орусиядагы жана башка чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыгы БШК тарабынан жокко чыгарылышынын мыйзамдуулугун аныктап берүүнү өтүнүп, сотко кайрылган. Кечээ Бишкектеги Биринчи Май райондук соту партиянын өтүнүчүн канааттандырган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG