Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Ошто июнь окуясы боюнча соттук териштирүү башталат


11-июнда Ош шаарындагы Черемушки кичи районунда массалык башаламандык уюштурган, эки адамды барымтага алган деген айып менен төрт киши айыпталууда. Бул ишти Ош шаардык соту шаардагы аскер бөлүктөрүнүн биринде карай турганы маалым болду. Айыпталуучулардын адвокаты Назгүл Сүйүнбаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, буга чейин белгиленген сот процесси жабырлануучулардын өтүнүчү менен бүгүнкүгө жылдырылган.

Расмий маалыматтар боюнча, июнь коогалаңында 400дөн ашуун адам набыт болуп, миңден ашууну түрдүү жаракат алган. Байкоочулар чыныгы курмандыктар мындан беш эселеп көп экенин айтып келишет.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG