Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:52

Санпа окуясы боюнча сот уланат


Бүгүн Ноокенде Сузактагы “Санпа” пахта заводунун жанында киши өлтүрүү боюнча сот уланат. Анда күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү улантылат. Мындан тышкары айыпталуучулардын бири, милициянын отставкадагы подполковниги Гафуржан Абдурахмановдун акыл-эсин аныктоо боюнча соттун чечими чыгышы күтүлүүдө. Акыркы соттук териштирүүдө күбө катары Жалал-Абат облусунун губернатору Бектур Асанов көрсөтмө берген.

13-июнда Сузактагы “Санпа” пахта заводунун жанында 500-600 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн автоунааларга кол салып, ок чыгарышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон. Бул окуя боюнча 19 кишиге айып тагылууда. Алардын ичинде мурдагы милиционерлер Гафуржан Абдукаримов, Бахадыр Жалалов жана ошондой эле мурдагы башкарма Усманжан Аблязов бар.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG