Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Лондондо студенттердин нааразылык чыгуулары болду


Лондондо 10 миңдеген студенттер окуу акысын көтөрүү сунушуна нааразылыгын билдирип, көчөлөргө чыгышты. Демонстранттар полиция менен кагылыша кетип, консерваторлор партиясынын баш кеңсеси алдында өрт коюшту. Бир нече адамдын, анын ичинде полиция кызматкерлеринин жараат алганы кабарланды. Өкмөт университеттерде окуу акысын азыркыдан 3 эсе көтөрүүнү пландап жатат. Жакында бийликтеги коалиция бюджет таңсыктыгын кыскартуу максатында үнөмдөө программасын жарыялаган. Өкмөткө кирген Либерал-демократтар шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө жогорку окуу жайларында окуу үчүн төлөнгөн акыны алып салууга убада берген.

XS
SM
MD
LG