Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:32

Чехиядагы сыган балдарга болгон мамиле сынга кабылды


Европалык Укук коргоочу уюмдар Чехия өкмөтүн сыган балдардын укуктарын бузгандыгы жана этникалык дискриминация үчүн айыпташууда. Европалык бир катар уюмдардын Еврошаркетке жолдогон кайрылуусунда белгиленгендей, сыгандардын балдарын акыл эси кем балдардын мектептерине жиберүү тажрыйбасы дагы эле уланууда. 2007-жылы Европа соту андай практиканы токтотуу чечимин чыгарганы менен, Прага аны аткарбай жатат, - дешет укук коргоочулар. Эмнести Интернешнл уюмунун ырастоосунда, Чехияда акыл эси кем балдардын мектептеринде окугандардын 80 процентин сыгандар түзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG