Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Т. Исмаилова: А. Аскаровго чыгарылган өкүм – саясий чечим


Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.
Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жалалабаддык кесиптеши Азимжан Аскаров кармалган күндөн тарта ар кандай укук бузууларга тушугуп келгенин айтат.

Кечээ Жалал-Абат облусунун соттук коллегиясы укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата Базар-Коргон райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Сот өкүмү боюнча “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованы кепке тарттык.

-Төлөйкан айым, Азимжан Аскаровдун ден соолугу начарлаганын айтып, коңгуроо кагып аттыңыздар эле, ага эмне себеп болгону белгилүүбү?
Азимжан Аскаров

- Бул аябай өкүнүчтүү нерсе, анткени 15-июндан баштап укук коргоочу Азимжан Аскаров мыйзамсыздык менен кармалып, камакта отурат. Ал бир нече жолу кыйноолорго кабылып, сабалганын анын адвокаты айтып чыккан. Бул тууралуу Кыргызстанда да, дүйнөдө да укук коргоочулар айтып, мамлекет башчысына чейин жеткирдик. Бирок кечээки соттук териштирүүдө да Аскаровдун ден соолугу начарлаганын анын адвокаты сотко билдиргенде бир дарыгер чакырылды. Ал карап, дары гана жазып берип кетти. Адвокат тактаган фактылар боюнча Аскаров 25-октябрдан бери тамак иче албай, кайнатылган суу гана ичип атат. Мына ушул ден соолугу аябай начарлаган акыбалында ал бүгүнкү күндө да кыйноонун алдында калып жатат.

- Бул боюнча сот, укук коргоо органдары эмне деп жатышат?

- Биз укук коргоочу Азиза Абдурасулова экөөбүз коңгуроо чалып, Жалал-Абат облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынан Аскаровго медициналык жардам көрсөтүүсүн сурандык. Кечээ ушул эле маселе боюнча Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашевага да кирип, акыбалды түшүндүрүп кайрылдык. Андан тез аранын ичинде мыйзам чегинде Азимжан Аскаровго медициналык жактан жардам берүүсүн өтүндүк. Анткени экспертиза керек. Эгерде Аскаров ушундай акыбалда кала берсе, аягы жаман болот. Анын ден соолугун соттор да, күбөлөр да көрүп атышат, бирок ошентсе да эч кандай жардам берилген жери жок. Биз ишенип атабыз, кечээ облустук ИИБнын башчысы Аскаровдун адвокаты менен жолукту, балким бүгүн тез аранын ичинде укук коргоочуга медициналык жактан жардам берилсе, абдан жакшы болмок.

- Аскаровго карата облустук соттун чечими боюнча адам укугун коргоочу уюмдар кандай аракет кылалы деп жатасыздар?

- Биз сот процесстери башталгандан тартып эле айтып аттык, соттук жараян процессуалдык жактан туура эмес жүргүзүлүп жатканын. Анткени соттун өзүнө да кысым болуп, процессти күбөлөр менен камсыздоо да талаптагыдай болгон жок, сот күбөлөрдү да жакшы уга алган жок. Бир нече жолу сот процесси бузулуп, айыпталуучуларга, адвокаттарга кол көтөрүлгөн учурлар болгонун да биз, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү айтып аттык. Бирок прокуратура да, милиция органдары да муну танып, “эч кандай укук бузуу болгон жок” деп айтып атышат. Эгерде сот ушундай нукта улана берсе, бул аябай чоң чатактарга алып келет. Анткени Кыргызстанда адамдар кайрылуучу акыркы инстанция – сот болуп эсептелет. Ошондуктан, сот акыйкат болушу керек. Бирок Азимжан Аскаров кармалган күндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейин ар кандай мыйзамдык жактан сотто жана тергөөдө да укугу бузулуп келе жатат. Ошондуктан, мен айтат элем, Аскаровго карата чечим – саясий болуп калды. Азимжан Аскаровго жана дагы жети кишиге өмүр бою түрмөдө калсын деген жана башка өтө оор жазалар чектелип атат, ошондуктан, мен дагы белгилеп кетем: Кыргызстанда бүгүн акыйкат сот жок.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG