Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Р. Отунбаева Инвестициялык кеңештин иш багыттарын белгиледи


Президент Роза Отунбаева Ишкердикти жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин мындан аркы ишинин багытын белгилеп бизнес-коомчулукка кайрылуу жолдоду. Анда аталган кеңеш мындан ары өкмөт башчынын жетекчилиги астында ишкерлер менен бирге эл аралык коомчулук колдоосунда иштеши керектиги айтылат. “Текшерүүлөрдү азайтып, тоскоолдуктарды жоюп, бажы жана салык жактан башкарууну жакшыртып, өкмөт бизнес коомчулуктан түшкөн сунуштарга көңүл буруу керек, аймактарга инвестициянын келишине шарт түзүү зарыл”, деп айтылат кайрылууда. Дүйнөлүк банктын ишкердикке шарт түзүү боюнча Doing Business рейтингинде Кыргызстан быйыл үч кадам артка кетип 44-орунду ээледи. Былтыр 41-чи орунда болчу. Бүгүн Бишкекте Инвестициялык кеңештин экинчи жыйыны өтүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG