Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

“Санпа” окуясы боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө бере баштады


Азыр Жалал-Абаддын Ноокен районунда “Санпа” окуясы боюнча соттук териштирүү уланууда. Кабарчыбыздын маалымдашынча, анда жабырлануучулардын жана айыпталуучулардын күбөлөрү көрсөтмө бере баштады. Бүгүнкү сот процессинде айыпталуучу, мурунку милиция кызматкери, подполковник Гафуржан Абдурахманов ден-соолугуна байланыштуу жагдай да каралат. Өткөн сот процессинде Г. Абдурахмановдун психикалык ден-соолугу боюнча дарыгерлер суралган. Г. Абдурахмановду биринчи текшергенде дарыгерлер акыл-эси жайында деп аныктама беришкен. Андан кийинкисинде айыпталуучу депрессиялык абалда болгондуктан дагы текшерүү керектигин айтышкан. 12-13-июнь күндөрү "Санпа" пахта заводунун жанында миңдей адам чогулуп Ош-Бишкек жолундагы жолоочуларга кол салышкан. Натыйжада 16 адам өлүп, ондогон адам жаракат алган. Сузак районунун көчмө соту бул ишти Ноокенде 30-сентябрдан тарта карап жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG