Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Сот подполковниктин ден соолугу боюнча өтүнүчтү четке какты


“Санпа” окуясы боюнча соттук териштирүү уланып жатат. Бүгүн судья Дамир Назаров айыпталуучу, мурунку милиция кызматкери - подполковник Гафуржан Абдурахмановдун акыл-эсин кайрадан текшертип дарылоо тууралуу адвокатынын өтүнүчүн четке какты. Буга чейинки сот процессинде Г. Абдурахмановдун ден-соолугу боюнча дарыгерлер көрсөтмө беришкен. Алар 16-июлда айыпталуучунун акыл-эсин текшергенде таза деген тыянак чыгарылганын, экинчи жолу экспертиза жүргүзгөндө депрессиялык абалда болгонун айтышкан.

Судья бүгүн ошондой эле дагы бир айыпталуучу, Сузак районундагы Москва айылынын мурунку башкармасы Усманжан Аблазовдун адвокатынын сотко күбө катары Жалал-Абаддын мурунку коменданты, азыркы баш прокурор Кубатбек Байболовду, ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевди, губернатордун мурунку орун басарын, Коопсуздук кызматынын бөлүм башчысын чакыртуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган жок. Бүгүнкү соттук териштирүүдө мурунку башкарманын май айында Өзбек маданий борборунун башчысы, экс-депутат Кадыржан Батыровго таандык "Эл достугу" университетинде сүйлөгөн сөзү тартылган видео диск көрсөтүлдү. Мамлекеттик айыптоочулар андагы сөздөрдү улуттар аралык араздашууга тиешеси бар деп баалашты. Сот процессинде айыпталуучулардын 6 күбөсү көрсөтмө берип, соттолуучулардын тополоң окуяга тишеси жок деп билдиришти.

“Санпа” окуясы боюнча азыр 19 адам соттолуп жатат. Аларга массалык адам өлтүрүүгө катышкан, тополоң уюштурган деген айыптар тагылууда. Соттолуучулар болсо күнөөлөрүн мойнуна албай келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG