Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Жалал-Абадда соттолгондордун жакындары акцияга чыкты


Кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун маалымдашынча, азыр Жалал-Абадда шаардык соттун алдында сот жообуна тартылган Рустам Жээнбеков менен Чолпон Алжановдун жакындары нааразылык акцияга чогулушту. Жалал-Абад ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Таалайбек Сусунбаевадин “Азаттыкка” билдиришинче, сот имаратынын алдында 15-20 чакты адам турат. Акцияга чыккандар соттолгондордун акталышын, шаардык соттун судьясы Сулайман Атакуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Акцияны таратуу үчүн азыр шаардык милициянын, соттун өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 5-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Рустам Жээнбековдун үй-мүлкүн конфискациялап катаал тартипте 25 жылга, ал эми Чолпон Алжановду 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Соттолгондор өзбек тектүү эки адамды өлтүрүүгө катыштыгы бар деп айыпталып жатат. Соттолгондор мындай күнөөлөрдү четке кагышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG