Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Арча-Бешикте бала бакчага берилген жер боюнча талаш чыкты


Бүгүн Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунун 40ка жакын тургуну конушта бала бакча үчүн берилген жерде курулуш иштеринин башталышына нааразыланып акцияга чыгышты. Конуштун тургуну Турдубек Кубаталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул жердин жарымы 2002-жылы эле сатылып кеткен. Калган жарымына арачабешиктиктер акча чогултуп, балдар үчүн спорт аянтчасын куруп алышкан. Бирок азыр ал жерди 2005-жылы сатып алгандыгы тууралуу документи бар адамдар спорт аянтчаны талкалап, курулуш иштерин баштап жатышат. Бишкек шаардык мэриясы азырынча бул тууралуу комментарий бере элек. Азыр акцияга чыккандар эртең күндүзгү саат төрттө кайра чогулуу үчүн тарап кетишти. (EBM)

XS
SM
MD
LG