Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

“Санпа” боюнча айыпталгандарды өмүр бою эркинен ажыратуу суралууда


Бүгүн Жалал-Абаддын Ноокен районунда “Санпа” окуясы боюнча соттук териштирүүдө мамалекеттик айыптоочулар соттолуп жаткан 18 адамдын үй-мүлкүн мамлекет пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыратууну, дагы бир соттолуучу, Сузактагы Москва колхозунун мурунку башкармасы Усманжан Аблазовдун үй-мүлкүн конфискациялап, жашы 60тан ашканына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 50-беренесинин 5 пунктуна ылайык 25 жылга эркинен ажыратууну сунуш кылышты. Жарыш сөзгө чыккан жабырлануучулар баарына бирдей жаза берип, өмүрүнүн акырына чейин кесүүнү өтүнүштү. Сузак районунун көчмө соту Ноокенде “Санпадагы” кандуу окуя боюнча ишти 30-сентябрдан тарта карап жатат. Сот процесси эртең да уланат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG