Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Соттолгондордун туугандары Жалал-Абадда пикетке чыкты


11-ноябрда өзбек тектүү эки адамды өлтүргөн деп соттолгондордун урук-туугандары Жалал-Абаддагы сот жана прокуратуранын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар милиция жана прокуратура кызматкерлерине ишенбөөчүлүк билдирип, шаардык соттун судьясы Сулайман Атакуловдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” соттолгон Рустам Жээнбековдун атасы Арстан Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, айыбы далилденбесе да, шаардык сот тергөөдө уруп-согуунун айынан күнөөсүн мойнуна алууга аргасыз болгон анын баласын күчөтүлгөн тартипте 25 жылга, экинчи айыптуу Чолпонбек Алжановду да күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратып, алардын үй-мүлктөрүн мамлекет пайдасына чегерүү өкүмүн чыгарган. Калган эки соттолуучунун ар бирин шарттуу түрдө эркинен ажыратып, сот залынан бошоткон. Төрт адамга 5-ноябрда ушундай өкүм угузган судья Сулайман Атакулов нааразылык иш-чарасына чыккандардын аны кызматтан алуу талабы менен макул эмес экендигин жана соттолгондордун айыбы толугу менен далилденгенин билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG