Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Сэулда АКШ менен Кытай лидерлери жолугушту


Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу мамилелердин эле эмес, эл аралык проблемалардын да кеңири өңүттөрү кеп болгонун президент Барак Обама маалымат жыйынында билдирди. Обама АКШ менен Кытай ядролук өлкө катары массалык апаат куралдарын таркатпоо жагынан өзгөчө милдеттенмелери бар экенин, ал эми дүйнөлүк экономиканын эки алтаны катары өнүгүүнүн туруктуу жана теңдемдүү арымын камсыз кылууда айрыкча милдеттенмелери бар экенин белгиледи. Өз кезегинде төрага Ху Цзинтао эки тараптуу мамилелердин позитивдүү өнүгүшү үчүн Кытай баштагыдай эле АКШ менен карым-катнашты, байланыштарды жана кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG