Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Бишкекте балдардын сүрөт көргөзмөсү ачылат


“Саламатсыңбы, Ата Журт” деп аталган сүрөт көргөзмөсүнө мектеп окуучуларынын колунан жаралган сүрөттөр коюлат. Мындан тышкары көргөзмө учурунда окуучулар тарткан тасмалар көрүүчүлөрдүн назарына сунушталат. Борбордук Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде боло турган көргөзмөгө Бишкектен, Чүй жана Нарын облустарынан мектеп окуучулары катышмакчы. 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин боло турган сүрөт көргөзмөсү “Таалим Форум” коомдук фондунун демилгеси менен уюштурулууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG