Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

16-ноябрда Кыргызстанга Евробиримдиктин өнүктүрүү комиссары келет


Евробиримдиктин өнүктүрүү комиссары Андрис Пиебалгстын иш сапары эки күнгө созулат. Ал иш сапары учурунда мамлекет башчысы Роза Отунбаева, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушары күтүлүүдө. Жолугушууларда Евробиримдик тарабынан Кыргызстанга берилүүчү жардам жана мындан аркы эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз болот. 17-ноябрь күнү Евробиримдиктин комиссары менен Кыргызстандын каржы министри Чоробек Имашев “Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу боюнча маалыматтык системаны калыптандыруу” долбоорунун алкагында 2 млн. евролук келишимге кол коюшмакчы, деп маалымдайт Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG