Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду


Анда ЕККУнун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дунья Миятович жаңыдан ишке киришкен парламент Кыргызстандагы сөз эркиндигин жакшыртуу реформалары улантарына жана маалымат үчүн жоопкерчиликке тартуу тууралуу мыйзам беренелери кайра иштелип чыгарына үмүттөнөрүн билдирген. Кайрылуу ээси маалымат үчүн куугунтуктоону токтотуу өлкөнүн быйыл кабыл алынган Башмыйзамында камтылганын эске салып, эми депутаттар Кылмыш кодексиндеги “жалган жалаа жана ар-намысына шек келтирүү” боюнча беренелерди Конституция менен шайкеш кылып оңдойт деген үмүттө. Эгер бул ишке ашса, журналисттер кесиптик ишмердүүлүгү үчүн түрмө жоопкерчилигине тартылбайт, Кыргызстан Борбор Азияда маалымат үчүн куугунтук болбогон алгачкы, ал эми ЕККУ аймагында он экинчи өлкө болуп калат, деп билдирет Дунья Митятович. Ал ошондой эле ЕККУ Кыргызстандагы маалымат каражаттарын реформалоого көмөктөшүүгө даяр экенин кошумчалаган.

2010-жылдын 27-июнунда кабыл алынган Башмыйзамда маалымат таратканы үчүн куугунтуктоо жок деген берене киргизилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG