Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

Ирактын жаңы өкмөтүн Нури ал-Малики түзмөй болду


Ирак парламенти күрттөрдүн лидери Жалал Талабанини кайрадан президенттикке шайлады. Бирок сунилер колдогон “Иракия” блогуна кирген депутаттар парламент жыйынынан чыгып кетишкен. Талабани ошол эле күнү ант берди. Анын шайланышы саясий туңгуюктан чыгуу боюнча келишимдин шарттарынын бири болчу. Президент жаңы өкмөт курууну премьер-министр Нури ал-Маликиге тапшырарын айтты. Кабинет түзүү үчүн мыйзамда 30 күндүк мөөнөт каралган. Иракта парламенттик шайлоо март айында өткөнү менен, саясатчылар коалиция боюнча мунаса таба албай келишти. “Иракия” калган фракциялар баштапкы келишимди бузушууда деп, жыйынды бойкоттошту. Ага чейин альянстын мүчөсү Усама Ан-Нажейфи спикер болуп шайланган. АКШ президенти Барак Обама оң жылыштарды кубаттап, "өкмөт түзүүгө карай алгылыктуу кадам жасалды" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG