Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:18

Орусия Кыргызстандын жаңы өкмөтү менен кызматташууга даяр


Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалымат жана басма департаментинин жетекчисинин орун басары Алексей Сазонов жыйында билдирди. Сазонов Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын алгачкы отуруму өлкө үчүн маанилүү окуя болгонун белгилеп, жаңы парламентте түзүлө турган коалициядан жаңы өкмөттүн конфигурациясы көз каранды болгонун айтты. Министрликтин өкүлү орус тарап Кыргызстандын жаңы өкмөтү жана парламенти менен тыгыз кызматташууга даярдыгын кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG