Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Ош жана Жалал-Абадда 1364 турак-жай калыбына келтирилди


Алардын 850сүнө терезелерди коюу иштери калган. Бул тууралуу вице премьер-министр, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциясынын төрагасы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн маалымат жыйында билдирди. Июнь коогалаңынан жабыркаган үйлөрдүн 96 пайызынын чатырын жабуу иштери бүткөрүлгөн. Үй куруу керек болгон бардык обьекттерде пайдубалы куюлуп, дубалдары тургузулуп калды. Ж.Сатыбалдиев Убактылуу өкмөттүн резервдик фондунан июнь коогалаңынан жабыркаган социалдык кызматкерлерге үй тургузуу үчүн каражат бөлүнгөнүн кабарлады. Жабыркагандардын айрымдары 1-декабрга карата жаңы укрулган батирлерге көчүп киришет. Мындан сырткары коогалаңда жабыркаган маданий имараттар, театр, филармония жана мектептерди калыбына келтирүү иштери да жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG