Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Бүгүн КСДП менен “Ата Мекен” коалиция түзүү тууралуу сүйлөшөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократиялык партиянын өкүлү Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, эки партия лидерлери коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү бүгүнкү күнгө дайындаган. КСДП буга чейин “Республика” партиясы менен сүйлөшүп, макулдашууга жетишкенин маалымдаган эле.

Кечээ президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Алмазбек Атамбаевге коалициялык өкмөт түзүү боюнча мандат тапшырган. Президент эгер социал-демократтардын коалиция түзүү аракеттеринен майнап чыкпай калса, мындай милдет “Ата Мекен” партиясына жүктөлөрүн кошумчалаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG