Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:04

Р.Отунбаева: Июнь окуялары сотторго чоң жоопкерчилик артты


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн соттордун кезексиз курултайында белгиледи. Президенттин айтымында, июнь коогалаңынан кийин башталган соттук териштирүүлөр судьялар үчүн сыноо болууда жана бул Кыргызстанда эле эмес, эл аралык коомчулукта да кылдат каралууда.

Бүгүн курултайда Судьялар кеңешинин жаңы мүчөлөрү дайындалат. Бул мурда кеңештин сегиз мүчөсү бошоп кеткендиктен, кворум жок иштебей келген. Вице премьер-министр Азимбек Бекназаров жаңы Конституцияга ылайык, бул кеңештин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги да күчөтүлгөнүн билдирди. Кыргызстанда 436 судья бар. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG