Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

“Санпа” окуясы боюнча сот эртең уланат


“Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын билдиргенине караганда, сот адвокаттардын толук катышпай калганына байланыштуу 13-ноябрга жылды. Бүгүн Ноокенде өткөн соттук жараянда жактоочуларга сөз берилип, алар “Санпадагы” кандуу окуя боюнча өз жүйөлөрүн айтышты. Сотто беш адвокат сөз сүйлөп, айыпталуучулардын жазасын жеңилдетип берүүнү өтүнүштү. Жактоочу Мунарбек Сулайманов өзү коргоп жаткан милициянын мурдагы подполковниги Гафуржан Абдурахмановду акыл-эсин аныктоо боюнча кайрадан Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар шаарчасындагы республикалык психикалык ооруканага жөнөтүүнү өтүндү.

13-июнда Сузактагы “Санпа” пахта заводунун жанында 500-600 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн унааларга кол салып, ок чыгарышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон. Бул окуя боюнча 19 кишиге айып тагылууда. Алардын ичинде мурдагы милиционерлер Гафуржан Абдукаримов, Бахадыр Жалалов жана ошондой эле мурдагы башкарма Усманжан Аблязов бар. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG