Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Ирактагы саясий мунасаны Обама куттуктады


Сэулда "чоң жыйырманын" жыйыны маалында АКШ президенти Барак Обама Багдадда жетишилген келишимди "азыркы Ирактын тарыхындагы маанилүү окуя" деп атады. "Бул өлкөнүн эли биримдикке, жакшы келечекке умтулган эркин дагы бир ирет көрсөттү. Ирактыктар өлкөнү согуштун жана террордун түйүнүнө айланткысы келгендердин жетегинде болууну эмес, жаратмандыкка умтулуп жатканын ырасташты",-деп айтты Обама. Ал ошондой эле ирак өкмөтү өлкөдөгү "калктын бардык катмарынын кызыкчылыгын туюнткан өкүлчүлүктүү" бийлик болоруна ишенич билдирди.

XS
SM
MD
LG