Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

“Санпа” окуясы боюнча сот жараяны 23-ноябрга жылды


“Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, бүгүн сот жараяны Ноокен районунда болду. Анда соттолуучулардын жактоочулары жарыш сөзгө чыгып, тергөө маалында кемчиликтер кеткендигин, айрым соттолуучулардын күнөөлөрү толук далилденбегендигин айтышып, соттолуучуларга жазаларын азайтуу жагын сурашты. Акыркы сөздөрүн сүйлөгөн соттолуучулардын айрымдары “Санпада” болбогондугун айтышып, соттон адилет өкүм чыгарып берүүсүн өтүнүштү. Каяша сөзгө чыккан мамлекеттик айыптоочу Өмүрбек Сарыбаев соттолуучулардын күнөөлөрү тергөө маалында, соттук иликтөөдө күбөлөрдүн, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү, далил буюмдар, тасмалар менен толук далилденгендигин билдирип, аларды өмүр бою эркинен ажыратуу өтүнүчүн колдоп берүүсүн соттон суранды.

13-июнда Сузактагы “Санпа” пахта заводунун жанында 500-600 чамалуу киши чогулуп, ары-бери өткөн унааларга кол салып, ок чыгарышкан. Натыйжада 10 киши өлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон. Бул окуя боюнча 19 кишиге айып коюлду. (AzK)

XS
SM
MD
LG