Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Саламаттыкты сактоо министрлиги саммитке даярдык көрүүдө


15-ноябрдан тарта саламаттыкты сактоо тармагында “Манас таалими” реформалык программасынын алкагында бир жыл ичинде жасалган иштер талкууланат. Ага донордук уюмдар катышат. Талкуунун жана кеңешмелердин жыйынтыгы менен 26-ноябрда кезектеги тогузунчу саммит өткөрүлөт. Анда 2011-жылга карата иштөө планы каралат. Саммитте саламаттыкты сактоо тармагынын 2012-2016- жылдарга карата жаңы программасы көрсөтүлөт. Анда каржылоо маселеси, жүрөк кан тамыр ооруларын алдын алуу, эне менен балага кам көрүү, медициналык тейлөөнүн сапаты өңдүү бир катар маселелерге көңүл бурулат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG