Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:52

Нарын облустук шайлоо комиссиясы шайлоону ырасмий жыйынтыктады


10-октябрда өткөн парламенттик шайлоо боюнча дубандан облустук шайлоо комиссиясына, Борбордук шайлоо комиссиясына бир да арыз түшкөн эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” 13-ноябрда Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Алмаз Аскаров билдирди. Анын маалыматына ылайык, парламенттик шайлоо учурунда 165 добуш берүүчү жайлары иштеп, шайлоочулардын 57% добуш берди. БШК тарабынан 14-октябрда протоколдорду жер жерлерден чогултуу боюнча чечими чыккан соң үч жарым сааттын ичинде облустагы бардык протоколдор оперативдүү түрдө жеткирилди. “Нарын облусунда шайлоо салыштырмалуу тынч, таза өткөндүгүнүн себеби жергиликтүү бийлик кийлигишпей, саясий партиялардын өкүлдөрү менен алдын ала алты жолу жолугушуу болуп маселелер талкууланган”,-деди А. Аскаров. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG