Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:50

Пакистандын Сват өрөөнүндө дагы алты жоочу жок кылынды


Пакистан аскерлери өлкөнүн түндүк батышындагы Сват өрөөнүндөгү салгылашууда 6 жоочуну жок кылды. Армиянын өкүлү ишемби күнү согушчандар Шакар Дара аскерий бекетине чабуул жасагандан кийин аймакта коменданттык саат жарыяланганын кабарлады. Пакистандын куралдуу күчтөрү 2009-жылы Сват өрөөнүндө талиптерге каршы ири операция өткөргөнү менен аймактагы талипчи эрегишчилер маал-маал өкмөттүк аскерлерге кол салып турат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG