Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Британ колбашчысы: "ал-Каиданы" таалим аркылуу тизгиндөө зарыл


Британ армиясынын командачысы Дэвид Ричардс (David Richards) “ал-Каиданы” тамырын кыркып жеңүүнүн зарылдыгы жок жана азырынча бул террорчу уюмду биротоло жок кылуу мүмкүн эмес деп билдирди. Бирок, генерал Ричардс “Sunday Telegraph” гезитине бүгүн чыккан интервьюда өкмөттөр террорчу уюмду тизгиндеп, террордук долбоорлоруна тоскоолдук кылып турганга жарамдуу экенин белгилейт. Анын айтымында, “билим берүү жана демократия” - Осама бин Ладен башындагы террорчу топко каршы согуштагы бирден бир ишенимдүү курал.
58 жаштагы генерал Ричардс өткөн айда Британиянын коргоо штабынын башчысы болуп калды. Ал Ооганстанда НАТОнун колбашчысы катары да кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG