Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

Айрым фракция лидерлери чет өлкөлөрдө жүрүшөт


Ушул тапта Жогорку Кеңешке шайланып келген беш партиянын айрым лидерлери алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баштаган бир катар лидерлери Парижде өтүп аткан Социалисттик интернационал кеңешинин жыйынына катышып жүрүшөт. “Ата Мекендин” жетекчилери ал жактан жума күнү келип калары айтылууда.

“Ар-Намыс” партиясынын жетекчиси Феликс Кулов болсо Украинанын Днепропетровск шаарына жөнөп кетти. Партия лидерлеринин бири Бөдөш Мамырова “Азаттыкка” билдиргендей, Ф.Кулов ал жакта чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча өтүп аткан ири жыйынга катышат жана эч кандай ырасмий жолугушууларды өткөрбөйт. “Ар-Намыс” лидери Украинага Москва аркылуу кеткен учак менен жөнөп кетти.

Ал эми Социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев Москвага жөнөп кетти делгени менен аталган партиянын маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязов муну тастыктаган жок. Анын айтымында, А.Атамбаевдин Москвага барары тууралуу партиянын маалымат кызматына билдирилген эмес жана анын азыр кайда экени белгисиз.

“Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибеков Казакстанга кетишти делгени менен бул партиядан шайланган депутаттар мындай маалыматты ырастай алышпасын айтышууда. Ушул сыяктуу эле “Республика” партиясынын өкүлдөрү да партия лидери Өмүрбек Бабановдун кайда экенин билишпесин айтышат. (IJz)

XS
SM
MD
LG