Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:11

Р. Отунбаева: 17-ноябрдагы сотту өч алуу катары карабоо керек


Президент Роза Отунбаева бүгүн Улуттук филармонияда 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында окко учкандарга, жаракат алгандарга жана активдүү катышкан 380 адамга “Апрель элдик революциясынын төш белгисин” тапшырды. Төш белги алгандардын ичинен сексен үчү курман болгондор. Андан тышкары төш белги алган 380 адамдын бардыгына 10 миң сомдон акчалай сыйлык да берилди.

“Азаттыктын” кабарчысы иш-чара өтүп аткан жайдан билдиргендей, президент Роза Отунбаева 7-апрелдеги кандуу бийлик алмашуунун маани-маңызы жана апрель ыңкылабынын максаттары тууралуу сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал ошол каргашалуу күнү демонстранттарга каршы ок чыгаргандар жана буйрук бергендер сөзсүз жазаланарын билдирип, дал ошол окуяга байланыштуу 17-ноябрда өтүп аткан ачык соттук териштирүүнү өч алуу катары карабоо керектигин айтты.

17-ноябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында 7-апрелдеги кандуу окуяга байланыштуу 28 адамдын үстүнөн соттук териштирүү өтөт. Мурда маалымдалгандай, бул соттук териштирүүдө өлкөдөн чыга качкан мурдагы президент Курманбек Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдор сотко келбеген учурда да аларды сыртынан соттоо каралган. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG