Линктер

дүйшөмбү, 20-февраль, 2017 Бишкек убактысы 13:03

Шанхайдагы өрттөн 8 киши набыт кетти


Кытайдын Шанхай шаарында чыккан өрттөн бери дегенде 8 киши өлдү, 90дой киши жаракат алды. Кырсык 30 кабаттуу үйдө болгон. Күбөлөрдүн айтымында, өрт ремонттолуп жаткан имараттын сыртындагы жыгач конструкциялардан башталып, ыкчамдык менен жайылган. Куткаруу иштерине 3 тик учак тартылды. Азыр өрт өчүрүлгөнү маалымдалууда. Шанхай эл жыш жашаган шаарлардын бири. Анын калкынын саны 20 миллон кишиге жетет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG