Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:14

Кыргызстан улуттук азчылык көйгөйүн көңүл сыртында калтырбайт


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева кечээ Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча жогорку комиссары Кнут Воллебек менен жолугушууда билдирди. Президент ал жолугушууда Кыргызстандагы соңку коомдук-саясий кырдаал, түштүктү кайра калыбына келтирүү иштери жана өлкөдөгү абалды турукташтыруу боюнча өкмөттүн мындан аркы кадамдары тууралуу маалымат берди. К. Воллебек өз кезегинде Ош сапарынан алган таасирлери менен бөлүштү, жаңы бийликке өлкөдө улуттар, диндер аралык ынтымакты сактоо боюнча сунушун айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG