Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Сотко байланыштуу спорт ордосундагы концерт жылдырылды


Студенттердин Бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата “Миң кыял FM” радиосу уюштурган 16-17-ноябрь күндөрдөгү “Студенттик шпаргалка” шоу кечеси башка күнгө жылдырылды. Мындай чечимдин кабыл алынганынын себеби, 17-ноябрь күнү концерт өтө турган Кожомкул атындагы спорт ордосунда 7-апрелде демонстранттарды массалык атуу фактысы боюнча ири сот процесси өтүп атканы менен байланыштуу. Ошол себептүү мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган 28 адамдын үстүнөн өтө турган сот процессине байланыштуу “Студенттик шпаргалка” кечеси башка мөөнөткө жылдырылды.

“Миң кыял FM” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков “Азаттыкка” билдиргендей, спорт ордосунда кайрадан концерттик ишмердүүлүк башталганда, милдеттүү түрдө аталган шоу-программа орун алат. Т.Кожобековдун айтымында, “Миң кыял FM” радиосунун бул чечимге эч кандай тиешеси жок жана концертти жылдыруу тууралуу чечимди кечээ гана угушкан. “Концертке даярдык үчүн көп акча коротконбуз. Алдын-ала айтып коюшпай жаман болду. Бизден кийин болчу башка ырчылардын да концерттери жылып атат”,- дейт Т.Кожобеков. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG