Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Аба ырайы


17-ноябрга карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17 даража жылуу болот, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16, Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13, Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 7…12 даража жылуу болоору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында 17-ноябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 14…16 даража жылуу болот.

XS
SM
MD
LG