Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Евробиримдик кризистен чыгуунун аракетин көрүүдө


Херман Вам Ромпөй евро акча бирдигин колдонгон өкмөттөр карыз кризисинен чыга албай жаткан чакта 27 мамлекет мүчө болгон биримдик "аман калуунун" айласын табышы керектигин айтты. Биримдиктин Брюсселде бүгүн өтө турган финансы министрлеринин жыйыны алдында Ромпөй "эгер евро чөксө, аны менен кошо Евробиримдик да чөгөт" деп эскертти. Министрлер Ирландиянын карыз кризисин жана анын евро-мейкиндиктин башка мамлекеттерине жайылышын токтотуунун чараларын талкуулашат. Ирландия Евробиримдиктен жардам кереги жок деп жатат. Бирок инвесторлор бул өлкө карызын төлөй албай калат деп чочулашууда.

XS
SM
MD
LG