Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Данияр Дунганов сотко алып келинген жок


Буга анын ден соолугуна байланыштуу операция жасалганы себеп болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу билдирди. Д. Дунгановдун азыркы абалы тууралуу маалымдалган жок.
Мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы Данияр Дунганов куралсыз элге ок аткан деген айып менен 15-майда камакка алынган. Август, сентябрь айларында анын жакындары сотко бир нече ирет кайрылып, Д. Дунгановдун ден соолугу начарлап баратканын, ага тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүү зарылдыгын бекемдешип, аны үй камагына которууну өтүнүп келишкен. Бирок сот бул өтүнүчтөрдү четке каккан.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдүн алдында президент К. Бакиевдин башкаруу системасына каршы чыккан элдин ичинен 87 адам ок жеп, миңден ашуун киши жарадар болгон. Убактылуу өкмөт жана өткөөл мезгилдин президенти тарабынан алардын көпчүлүгүнө мамлекеттик наамдар, акчалай жардамдар берилген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG