Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы эртең Кыргызстанга кайтып келет


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Парижде Социнтерндин жыйынында сөз сүйлөп, Борбор Азиядагы социал-демократиянын орду тууралуу кеп кылды. Партиянын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, социалисттердин жыйынында “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү Англиянын лейбористтик жана Франциянын социалисттик партияларынын өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу, алакаларды күчөтүү тууралуу сүйлөштү. Апта башынан бери Парижде Социнтерндин жыйынына катышып жаткан кыргызстандык делегация эртең мекенине кайтып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG