Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Кыргызстандык спортчу Азия оюндарында 7-орунга чыкты


Кыргызстандык штангачы, 62 кг салмактагы Султан Өмүржан уулу штанганы түртүп көтөрүү боюнча 126 кг, ал эми жулкуп көтөрүү боюнча 150 кг салмакты көтөрдү. Бул тууралуу Кытайдын Гуанчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндары чемпионатына катышып жаткан кабарчыбыз Кабыл Макеш билдирди.

Бүгүнкү күнгө чейин чемпионатта Кытай лидерлик кылууда. Ушул тапта кытайлык спортчулар жалпысы 140 медал алууга жетишти, анын ичинен 87 алтын медал. Казакстан 2 алтын, 5 күмүш, 9 коло медал менен 8-орунда келе жатат. Ал эми өзбекстандык велоспортчу Владимир Туйчиев бүгүн алтын медалга жетишип, өлкө ушуну менен 3 алтын медалдуу болуп 7-орунга чыкты. Өзбекстандын жалпысы 14 медалы бар, анын ичинде 5 күмүш, алты коло медал бар. Кыргызстандан азырынча байгелүү орунга ээ болгондор жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG