Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Сотто жаңжал чыгып кете жаздады


Мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын штаб башчысы, азыркы кезде айыпталып жаткан Данияр Дунгановду темир торго киргизүү талабын койгон жабырлануучулар жана алардын тарапкерлери сахнага жулунган учурда аларды милиция кызматкерлери токтотуп калышты. Алар Данияр Дунганов жаткан медициналык замбилди сахнанын ортосуна коюуну талап кылышууда. Жабырлануучулар ошондой эле айрым айыпталуучулардын сотко аскер формасын кийип келишкенин айыптап, алардан форманы чечүүнү талап кылышты. Сотко катышып жаткан укук коргоочу Чолпон Жакупова сот төрагасынан айыпталуучулардын жашаган жеринин толук дарегин тастыктоону токтотууну сурады. Анын пикири боюнча бул алардын коопсуздугуна коркунуч туудурат. Анткени апрель окуясы боюнча айыпталып, көрсөтмө берип жаткандардын дарегине карата жабырлануучулар тараптан түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр айтылып жаткан. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG