Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Коогалаңда жабыркаган 1,5 миңдей үй-бүлө акчалай жардам алышты


Аларга жалпысы болуп 99,5 млн. сом акчалай жардам жана жеңилдетилген насыя түрүндө берилди. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маалымдаганы боюнча, убактылуу өкмөттүн резерв фондунан бөлүнгөн бул каражат бүгүнкү күнгө чейин 1 миң 452 жабырлануучуга бөлүнүп берилди. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча 160 үй-бүлөгө 20 жылдык мөөнөт менен жеңилдетилген насыя берилди. Ал эми 225 үй-бүлө 50 миң сомдон акчалай жардам алды. Ош облусу боюнча 41 үй-бүлө узак мөөнөт менен жеңилдетилген насыя алса, 488 түтүнгө акчалай жардам берилди.

Расмий маалыматтар боюнча июнь окуясында 1861 үй-бүлө жабыркаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG