Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Байкоочу кеңеш Коомдук каналдын редакторлору менен жолугушту


Жолугушууда КТРКнын маалымат, аналитика, жаштар жана балдар, маданият жана башка редакция башчылары Коомдук телеканалдын жетекчисин бат-бат алмаштырууга байланышкан маселелер жана башка көйгөйлөр тууралуу айтышты. Алар ошондой эле телерадиоканалга “Улуттук” деген макамды калтырууну өтүнүштү, муну менен алар КТРК кийин менчиктештирилип кетпеси кепилдик болот деп эсептешет. Мындан тышкары Байкоочулар кеңешине КТРКнын азыркы жетекчиси Кубат Оторбаевди бекитип берүүнү өтүнгөн 530 кишинин колу коюлган кат тапшырылды. Бул тууралуу Байкоочулар кеңешинин мүчөсү Данияр Садиев “Азаттыкка” маалымдады.

КТРКнын башкы жетекчилигине мурда жарыяланган сынак максатына жетпей калганына байланыштуу 1-ноябрдан тарта кайрадан сынак жарыяланган. Ага катышуу укугу мурдагы сынактын катышуучуларына да берилген. Сынак ушул апта соңунда аяктайт. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG