Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Ошто жер сурагандардын саны үч миңге жакын


Облустук мамлекеттик администрациянын басма сөз катчысы Канболот Тутуевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, өткөн аптада жер басып алууну көздөгөндөр эми жерди мыйзамдуу түрдө алууга аракеттенип жатышат. Алар бул тууралуу өтүнүчү жазылган кат жана тиешелүү документтерин атайын түзүлгөн комиссияга тапшырууда. Комиссия алардын документиндеги катталган жерине жараша сурактама жиберип, турак-жайга чыныгы муктаждарды аныктаган соң, облус губернатору алардын өтүнүчүн өкмөткө жана Жогорку Кеңешке сунуштай турган болду. "Бүгүнкү күнгө чейин турак-жай тургузуу үчүн мыйзамдуу жер берүүнү өтүнүп кайрылгандардын саны үч миңге жакындады",-дейт маалымат катчы.

Өткөн аптада июнь окуясынын жабырлануучуларыбыз деген бир нече миңдеген киши Ош шаарынын айланасындагы Кара-Суу районуна караштуу айдоо аянттарын басып ала башташкан. Айрым жерлерде түшүмү жыйнала элек аянттарды турак-жай тургузуу үчүн басып алуу аракети бир нече күнгө созулуп, түшүндүрүү иштеринин натыйжасында токтотулган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG