Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

Байден Сенатты жаңы СТАРТ келишимин бекитүүгө үндөдү


АКШ вице-президенти Жо Байден эгерде Өзөктүк куралдар боюнча Орусия менен түзүлгөн жаңы келишимди Сенат тез бекитпесе, анда өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туулат деп эскертти. Анын айтышынча, эгерде СТАРТты ратификациялабаса, анда АКШ Орусиянын өзөктүк каруу жарагын жеринен текшере албай калат. Шейшемби күнү сөзү өтүмдүү сенатор-республикачы Жон Кил СТАРТ келишими быйыл бекитилээрине ишенбестигин билдирген. Келишимге президенттер Барак Обама менен Дмитрий Медведев быйыл апрелде кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG