Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

АКШ Ирандагы адам укугуна каршы кысымды сындады


Кошмо Штаттар Ирандагы адам укугун бузууларга каршы жаңы чабуулду сындады. Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули адвокат-укук коргоочу Насрин Сотуде айымдын соту бул өлкөдө жабык, атүгүл Ирандын мыйзамдарын бузуулар менен өтүп жатканына көңүл бурду. Бир-эки күн мурда Тегерандын прокурору адвокат Аббас Жафари Дөлатабади жана башка беш коргоочу, анын ичинде үч аял, “улуттук коопсуздукка каршы кылмыш жасады жана Ислам Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жоболорун бузду” деп айыпталып, камакка алынганын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG