Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

АКШ элчилиги Спорт сарайындагы сот жараянына камтамачылык билдирди


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 7-апрелдеги кандуу окуялар боюнча соттук териштирүү тууралуу тынчсызданган билдирүү таратты. Анда бүгүнкү сот процессиндеги ызы-чуулардан улам аны өткөрүү үчүн тандалып алынган жай сынга алынган. Ушундан улам сот акыйкат болооруна биринчи күндөн тартып эле шектенүү пайда болууда, деп айтылат билдирүүдө. АКШ элчилиги 7-апрелдеги окуялар боюнча өкүнүчүн билдирген, ошондой эле кыргыз элинин күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жазага тартылсын деген талаптарын колдой турганын айтты. Элчилик кыргыз өкмөтүн соттук териштирүүлөрдү акыйкат, таза жана коопсуз өткөрүү үчүн баардык чараларды көрүүгө чакырды. Апрель окуялары боюнча соттук териштирүү ызы-чуудан улам бүгүн үзгүлтүккө учурап, эртең уланмай болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG