Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Британ ханзадасынын тою өлкөгө 1 млрд. доллардай киреше берет


Британ ханзадасы Вильямстын нике тою улуттук экономикага 620 миллион фунт стерлинг, же 1 миллиард долларга чукул пайда берет. Мындай билдирүүнү Британиядагы чекене сооданы изилдөөчү негизги топ жасады. “Verdict” тобунун маалымдашынча, түрдүү товарларды, тамак-ашты жана арак-шарап ичимдиктерин сатуудан туризм өнөр жайы чоң пайда көрүп, керектөөнүн өсүүсү экономикага оң таасир этет. Британиядагы супермаркеттердин экинчи чоң тобу ”Asda “ ханзаданын үйлөнүү тоюна арнап 5 фунттук же 8 долларлык крүжкөлөрдү чыгарарын билдирди. Ханзада Вильямс келерки жайда узактан берки көңүлдөшү Кэт Миддлтонго үйлөнөрүн Падыша сарайы шейшемби күнү жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG