Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Германияда коркунучтан улам коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Германиянын аба жана темир жол бекеттеринде коопсуздук чаралар күчөтүлдү. Ички иштер министри Томас де Мезьердин маалымдашынча, коопсуздук чараларын бекемдөөгө маанилүү түйүндөрдө ай соңунда террордук чабуулдар жасалары пландалып жатканы жөнүндө чет өлкөлөрдүн биринен алынган “конкреттүү” далилдер негиз болгон. Бирок “эч кандай ызы-чууга (истерияга) жүйөө жок”,- деп кошумчалады министр. Өткөн айда Йеменден АКШга бараткан жүк тартуучу учактардан эки бомба табылып, жок кылынган. Бир бомба Германиянын Кельн шаарына токтоп өткөн учактан табылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG