Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Виктор Бут күнөөсүн моюнга алган жок


Кечээ Нью-Йорк сотунда АКШнын федералдык прокуратурасы ага төрт пункттан турган айыптоо корутундусун угузган эле. Атап айтканда, ал террористтик уюмдарга, алардын ичинде колумбиялык козголоңчуларга мыйзамсыз курал-жарак саткан деп айыпталууда. Бут айыптардын баарын четке какты. Бирок сот аны камакта калтырды, күрөөгө бошотуу укугунан да ажыратты. Соттун эмки жыйыны январда болот. Бут 2008-жылы Бангкокто кармалган. Ушул жумада аны Таиланд АКШга өткөрүп берди. Россия бул ишти "мыйзамсыз" деп атап, Вашингтонду Таиланд өкмөтүнө кысым жасаганы үчүн айыптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG